Украинадагы эң ири дары-дармек өндүрүүчүсү Farmak компаниясы Japan Institute of Plant Maintenance (JIPM) тарабынан ыйгарылган абройлуу эл аралык сыйлыкка ээ болду. Farmak бул сыйлыкка татыган биринчи украиналык компания болуп калды. Сыйлоо аземи 20-мартта Киото шаарында өттү.
TPM Excellence Award — өндүрүштүк жана операциялык мыктылыктын эң жогорку деңгээлин тастыктаган дүйнөдөгү эң абройлуу сыйлыктардын бири. Ал төмөнкү принциптерге негизделген бирдиктүү башкаруу системасын ийгиликтүү түзгөн компанияларга ыйгарылат:
Ишенимдүүлүк жана натыйжалуулук — жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешин жана өндүрүш процесстеринин эң жогорку өндүрүмдүүлүгүн камсыз кылуу.
Кызматкерлерди окутуу жана өнүктүрүү — бардык деңгээлдеги кызматкерлердин 100% катышуусу, алардын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү жана үзгүлтүксүз өркүндөтүү маданиятын калыптандыруу.
Үзгүлтүксүз өркүндөтүү (Kaizen) — ар бир процессти туруктуу түрдө жакшыртып турууга багытталган күнүмдүк өркүндөтүү модели.
Коопсуздук жана экология — өндүрүштөгү жаракаттарды нөлгө жеткирүү, коопсуз эмгек шарттарын түзүү жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди минималдаштыруу.
Сапатты камсыздоо — жабдуулардын параметрлерин көзөмөлдөө аркылуу туруктуу сапатты камсыздап, сапатсыз продукциянын чыгарылышын мүмкүн болбой турган деңгээлге жеткирүү.
Энергияны башкаруу жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу — продукциянын ар бир бирдигине кеткен энергия чыгымдарын терең талдоо, энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жана ресурстарды туруктуу пайдалануу.
Стратегиялык башкаруу — жогорку жетекчиликтен тартып ар бир кызматкерге чейин бирдиктүү максаттарды калыптандырып, ар бир адамдын жалпы жыйынтыкка кошкон салымын түшүнүүсүн камсыз кылуу.
2025-жылы бул сыйлыктын лауреаттарынын катарында Tetra Pak (Италия), Panasonic Wanbao Appliances Compressor Ltd. (Кытай), Lindt & Sprüngli (Франция), PepsiCo (Кытай) жана башка дүйнөлүк өндүрүш лидерлери болду.
Farmak компаниясынын өндүрүштүк мыктылыкка карай жолу 2020-жылы Lean жана TPM (Total Productive Maintenance) методологияларын активдүү киргизүүдөн башталган. Бүгүнкү күндө бул ыкмалар Farmak Lean Manufacturing Management System деп аталган бирдиктүү башкаруу экосистемасына интеграцияланган.
Акыркы беш жыл ичинде компания төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишти:
•Farmak кызматкерлери өндүрүш процесстерин жакшыртуу боюнча 8 000ден ашуун сунуш беришти;
•процесстерди жана ресурстарды оптималдаштыруунун эсебинен 100 миллион гривнадан ашык каражат үнөмдөлдү;
•жабдуулардын жалпы натыйжалуулугу (OEE) 12%га, ал эми жабдуулардын ишенимдүүлүгү 20%га жогорулады;
•өндүрүш линияларынын токтоп туруу убактысы 975 саатка кыскарып, жоготууларды жоюунун эсебинен кошумча 2 000 саат үнөмдөлдү; 23 000ден ашуун техникалык көйгөй аныкталып жана жоюлду;
•негизги продукциялар боюнча өндүрүш көлөмү жоготууларды жана кемчиликтерди азайтуунун натыйжасында 6%га көбөйдү;
•ишканадагы жалпы калдыктардын көлөмү 47%га кыскарып, кайра иштетилип экономикалык айланууга кайтарылган экинчи чийки заттын үлүшү 14,5%га өстү. Парник газдарынын чыгарылышы 13,39%га азайып, компаниянын көмүртек изи олуттуу түрдө төмөндөдү. Өндүрүштөгү жаракат алуу жана кырсыктар көрсөткүчү туруктуу түрдө нөл деңгээлинде сакталууда.
Бул украиналык өндүрүүчү мындай деңгээлдеги өндүрүштүк мыктылык үчүн эл аралык сыйлыкка биринчи жолу ээ болуп жаткан учур. Farmak учурдагы чакырыктарга карабастан операциялык натыйжалуулукту жана бизнестин туруктуулугун системалуу түрдө жогорулатууну улантууда.
Farmak компаниялар тобу — 1925-жылы Украинада негизделген глобалдык фармацевтикалык бизнес. Компаниянын өндүрүштүк аянтчалары Украинада жана Испанияда жайгашкан. Ошондой эле анын Польшада, Чехияда, Словакияда, Улуу Британияда, Бириккен Араб Эмираттарында, Вьетнамда, Швейцарияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Кыргызстанда жана Молдовада 11 компаниясы жана эл аралык өкүлчүлүктөрү бар.
Japan Institute of Plant Maintenance (JIPM) — Японияда негизделген жана өндүрүштүк мыктылык жаатындагы дүйнөлүк алдыңкы эксперттик уюм.Институт өндүрүштү башкаруунун стандарттарын жана методологияларын иштеп чыгат, ошондой эле дүйнөдөгү эң жогорку натыйжалуулук критерийлеринин негизинде ишканаларга көз карандысыз баа берет.